Бүгүн, 29-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова курулуш министри Нурдан Орунтаевдин кичирайондордогу чакан дүкөндөрдү бузуу сунушуна каршы чыкты.
Эл өкүлү аталган аймактарда жөнөкөй калк жашарын билдирип, дүкөндөрдү бузуунун ордуна кооз дизайндарды берүүнү демилгеледи.
"Курулуш министри Нурдан Орунтаев жакында Бишкек шаарынын тургундарына кайрылуу жасап, кичирайондордогу чакан дүкөндөрдү алып салууну сунуштады. Бул калыптанып калган систем. Ал жакта кары-картаңдар, жөнөкөй калк жашайт. Алар бири-биринен карызга алып, жашоосун өткөрүп жатышат. Ошондуктан чакан бизнести бузуп, элдин системин бузгандын ордуна дүкөндөрдүн кооз дизайндарын берсе жакшы болмок",- деди депутат.