Биз социалдык тармакта

Депутат Төө-Ашуудагы жолдун сапатына нааразы болду (видео)

Бүгүн, 29-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Бишкек-Ош унаа жолунун сапаты боюнча маселе көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, аталган унаа жолдун Төө-Ашуу тилкесиндеги абалы начар болуп, элге кыйынчылык жаратууда.

"Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу тилкесинде чуңкурлар өтө көп болууда. Азыр авиабилеттер кымбат, көпчүлүк эл унаа менен каттайт. Ал жол менен кары-картаңдар, студенттер, жүк ташыгандар катташат. Жакында май майрамдары, туризим башталып, каттагандар көбөйөт. Төө-Ашуу тилкеси өтө эле начар абалда экен, жолдун начарлыгы ар кандай жол кырсыктарына алып келет. Оштон Бишкекке, Бишкектен Ошко азык түлүк ташылат, баары ошол жол менен тиричилик кылат. Бирок жолдун сапаты начар болууда. Акыркы жылдары жол оңдоого өзгөчө көңүл бурулууда, эмнегедир Төө-Ашуу тилкеси оңдолбой жатат",- деди депутат.

Сүйүнбек Өмүрзаков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан