Биз социалдык тармакта

Ошто милиционер кыз кесиптештеринен ыдык көргөнү айтылды

Ош шаарында ИИМдин күзөт кызматында иштеген кыз кесиптештери тарабынан ыдык көрсөтүүгө кабылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, ал арыз менен кайрылып, укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Арыздануучунун айтымында, кызматтык даражасы жогору болгон кесиптештери аны мазактап, кемсинтишип, асылышкан. Бир жолу жумуш учурунда командири ага адепсиз сөздөрдү айткандыктан, жабырлануучу жогорку жетекчиликке арызданууга аргасыз болгон. Бирок басым огобетер күчөгөн.

Кыз ошондой эле жогорку окуу жайда күзөтчү болуп иштеген кесиптештеринин үстүнөн да даттанган. Алар кыздын башы боштугун кеп кылышып, аны ар ким менен тааныштыруу аракетин кылышкан. Кыздын жанында атайын адепсиз видеолорду да үнүн бийик чыгаруу менен коюп турушкан.

Акыйкатчы институту Ош шаардык прокуратурасына күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу өтүнүчү менен кат жолдогон. Мындан улам ички кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында кызматтык милдетин так аткарбаганы жана кол алдындагы кызматкерге орой мамиле кылгандыгы үчүн командирге сөгүш жарыяланган.

Ал эми окуу жайдын эки күзөтчүсүнө карата тартиптик чаралар көрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан