Азия футбол конфедерациясы 2027-жылдагы U-20 Азия кубогунун тандоо турларын өткөрө турган өлкөлөрдү бекитти. Алардын катарына Кыргызстан да киргизилди.
Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, тандоо беттештери 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Жалпы 44 команда катышып, алар 11 тайпага бөлүнүшөт.
Оюндарды кабыл ала турган өлкөлөрдүн арасында Бахрейн, Камбоджа, Кыргызстан, Лаос, Катар, Таиланд, Өзбекстан жана Вьетнам бар.
Атаандаштарды аныктоо боюнча чүчүкулак 28-майда Малайзияда өтөт.