Бүгүн, 29-апрелде Бишкекте шаар күнүнө карата муниципалдык кызматтарга жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, мэр Айбек Жунушалиев 11 кызматтык унаа жана 10 электр велосипед тапшырды.
Бул техникалар шаар кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, ыкчамдыгын жогорулатууга багытталганы кошумчаланды.