Биз социалдык тармакта

Майрам күндөрү Бишкек автобекетинде каттамдардын саны көбөйөт

Алдыдагы май майрамдарына карата Бишкек автобекетинде каттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-апрелден тарта Ысык-Көл жана Нарын багыттары боюнча 100гө чукул унаа каражаты чыкса, майрам күндөрү бул көрсөткүч 2 эсе өсөт.

Автобекеттин иштөө убактысы күн сайын саат 07:00дөн 23:30га чейин.

"Нарын жана Ысык-Көл багыттарына негизинен кичи автобустар каттайт. Ал эми кечки 21:00дөн 23:30га чейинки аралыкта, аталган багыттар боюнча чоң көлөмдүү автобустардын каттамдары уюштурулуп, Ысык-Көл облусуна 5, Нарын облусуна 1 автобус каттайт. Ошондой эле Алматы, Тюмен, Кашкар жана Артуш эл аралык каттамдары туруктуу иш алып барууда",- деп билдирди мэрия.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан