Биз социалдык тармакта

"Ойногону келген жоксуз". Спикер министрдин орун басарына эскертүү берди

Бүгүн, 29-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулуна эскертүү берди.

"Сиз бул жерге келгенде, депутаттардын суроолорун угуп, жооп берип турушуңуз керек. Бул жерге ойногону же башка нерсе кылганы келген жоксуз",- деди спикер.

Отурумда депутат Салтанат Аманова курулуш министринин орун басарына суроо узаткан. Бирок Иманакун уулу суроосун кайталап коюуну өтүндү. Эл өкүлү буга нааразычылыгын билдирип, Маматалиевге кайрылды. Натыйжада, жогорудагыдай эскертүү айтылды.

Спикер министрдин орун басарына эскертүү берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан