
УКМКнын мурдагы башчысы
Камчыбек Ташиев билдирүү жасады. Анын кайрылуусун жардамчысы
Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасынан бөлүштү.
Ташиев ага карата кылмыш иши козголгонун тастыктап, бирок күнөөлүү эместигин белгиледи.
"Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө. Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Кудайым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системин түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган "Кемпир-Абадчылар" да акталышты. Ошондуктан баарыңыздардан мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранам. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл-аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм. Мен үчүн кыжаалат да, кабатыр да болбоңуздар. Ар бириңиздерге чоң рахматымды айтам, ыраазычылык билдирем. Буюрса, баары жакшы болот”,- деп белгилеген Ташиев өз билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына УКМКнын мурдагы төрагасы
Камчыбек Ташиев, экс-депутат
Курманкул Зулушев жана парламенттин экс-спикери
Нурланбек Тургунбек уулу суракка барып, аларга айыптары угузулганы
айтылган.