Бүгүн, 29-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсара Абдибаева курулуштарда архитектуралык нормалар сакталбай жатканын айтып, бул боюнча кайрылууларга берилген жооптор канааттандырарлык эмес экенин билдирди.
Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу буга макул эместигин билдирди эле Абдибаева: "Сиздин жообуңуз дайым эле ушундай. Кошула албайм, тигиндей-мындай. Сизде негизинен иш болбойт. Бул боюнча бардык депутаттардын нааразычылыгы бар",- деди.
Иманакун уулу бала бакча, мектептер кезек менен куруларын белгилеп, бир адам айтканда эле салына калбастыгын айтты. Эл өкүлү мектеп жөнүндө кеп кылбаганын, техникалык коопсуздук маселесин көтөрүп жатканын билдирип, аны чаташтырбоого үндөдү. Министрдин орун басары аталган маселе боюнча депутаттардын комиссиясы текшерүү кылганына токтолду. Деген менен эл өкүлү ачууланып: "Ишиңерди аткара албасаңар, анда ордуңарды бошоткула",- деди.