Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Кытай менен кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн, 29-апрелде Кытайдын Нинбо шаарында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев ШКУнун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү” форумуна катышты.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргызстан туруктуу жана “жашыл” өнүгүү моделине өтүүгө өзгөчө маани берерин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан экологиялык туруктуулукту экономикалык өсүштүн негизи катары эсептейт.

Иш сапардын алкагында Төрөбаев ШКУнун “Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык” комитетинин төрагасы Шен Юэюэ менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Мындан тышкары, Нинбо жана Вэнчжоу шаарларындагы компаниялардын өкүлдөрү менен бизнес форумдар өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан