Бүгүн, 29-апрелде Ынтымак Ордодо өткөн Кыргызстан-Того өкүлдөрүнүн ортосундагы жолугушууда 8 документке кол коюлду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Бүгүнкү жолугушууда саясий, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү тармагында жана албетте, визасыз режим камтылган 8 документке кол коюлду. Бул келишимдер акырындык менен ишке ашып баштайт деп ишенем. Анткени алардын келечеги чоң",- деди ТИМ башчысы.
Кулубаев ошондой эле жолугушууда аба каттамдарын түзүү жана логистикалык борбор куруу боюнча сөз болгонун белгиледи.
"Менимче, бул тармактарды дагы акырындык менен өнүктүрөбүз",- дейт ал.