Агартуу министрлиги Оштун Өзгөн районуна караштуу Кара-Таш айылындагы "Ак ниет шооласы" бала бакчасында болгон окуя боюнча маалымат таратты.
Маалыматта бала бакча жетекчиси менен тарбиячынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, алардын кайым айтышканы белгиленет. Буга тарбиячынын жетекчинин баласы бала бакчага кечигип келгендиктен аны кабыл албай койгону себеп болгон.