Биз социалдык тармакта

Ошто Алымбек датка көчөсү жаңыланууда

Ош шаарындагы Алымбек датка көчөсүнде тротуарларды жаңылоо иштери уланууда – учурда асфальт төшөө башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор боюнча көчөнүн эки тарабында жалпы узундугу 3,45 чакырым болгон тротуарлар курулуп жатат. Анын туурасы 3 метрди түзүп, 2 метри жөө жүргүнчүлөргө, ал эми 1 метри велосипед жолуна арналат. Ошондой эле аймак жашылдандырылып, заманбап талаптарга ылайык көрктөндүрүлөт.

Мындан тышкары быйыл борбордук аянттан Алишер Навои көчөсүнө чейинки 2,6 чакырым унаа жолу да толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Бул иштер шаар инфраструктурасын жакшыртып, жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан