Биз социалдык тармакта

Гепатит менен жабыркагандардын негизги маселелери талкууланды

Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Эгенбердиева жана Жылдыз Курманалиева Саламаттык сактоо министрлигинде өнөкөт гепатит жана боор оорулары менен жабыркаган бейтаптар менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда В жана D гепатиттери, боор циррозу менен ооругандар жана трансплантациядан өткөн бейтаптар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып беришти. Алардын ичинде оорулуулардын так статистикасынын жоктугу, дарылоо процессиндеги кыйынчылыктар, трансплантациядан кийинки медициналык көзөмөлдүн жетишсиздиги жана адистештирилген борборлордун тартыштыгы белгиленди.

Мындан тышкары бейтаптар клиникалык изилдөөлөрдү кеңейтүү жана трансплантация системасын өркүндөтүү зарылдыгын көтөрүштү.

Депутаттар айтылган маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгып, чечүү жолдорун издөө боюнча иш алып барыларын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан