Биз социалдык тармакта

180 күнгө чейин жүрө алышат: ЕАЭБ айдоочуларынын ишине жеңилдик берилди

Орусияда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген эл аралык жүк ташуучу айдоочулардын убактылуу болуу мөөнөтү узартылды – эми алар өлкөдө 180 күнгө чейин жүрө алышат.

Маалыматка ылайык, Орусия Федерациясынын Өкмөтү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары болуп саналган жана эл аралык ташууларды жүзөгө ашырган айдоочулардын убактылуу болуу мөөнөтүн жылына 180 күнгө чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Тиешелүү токтом 2026-жылдын 30-июнунда күчүнө кирет.

Буга чейин 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген эл аралык ташуучулар Орусия аймагында иш алып барууда олуттуу кыйынчылыктарга туш болушкан. Чет өлкөлүк жарандардын уруксат берилген болуу мөөнөтүнүн жылына 90 күнгө чейин кыскартылышы транспорттук компаниялардын чыгымдарынын өсүшүнө жана калыптанып калган логистикалык процесстердин бузулушуна алып келген. Мындан тышкары белгиленген мөөнөттөн ашкан айдоочуларга тиешелүү санкциялар колдонулган.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кайрылуусу, ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн логистикалык бизнес өкүлдөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын демилгеси менен Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында бир нече жолу каралган.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЕЭКтин түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн ыкчам жыйындардын жыйынтыгында эл аралык ташуулардын үзгүлтүксүздүгүн сактоого мүмкүндүк берген чаралар иштелип чыгып, маселени чечүүнүн оптималдуу механизмдери табылган.

Азыркы учурда маселе жөнгө салынды. Кабыл алынган токтомго ылайык, Орусия Федерациясында болуу мөөнөтү календардык жыл ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылды. Бул норма КМШ өлкөлөрүнүн жана Грузиянын жарандары болгон, эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырып, өлкөгө визасыз тартипте кирген кесипкөй айдоочуларга тиешелүү.

Муну менен катар Орусия Федерациясынын аймагына кирүү жана болуу үчүн тиешелүү арызды берүү милдеттүү шарт болуп саналарын эскертебиз. Арыз берүү тартиби боюнча толук маалымат "Госуслуги" порталында жеткиликтүү.

Бул чараны ишке ашыруу максатында Орусия Федерациясынын Өкмөтү арыз берүүдө талап кылынган документтердин тизмесин да бекитти. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

• инсандыгын күбөлөндүргөн документ;

• тиешелүү категориядагы транспорт каражаттарын башкарууга укугун ырастаган улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүк;

• транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү;

• эл аралык товар-транспорттук коштомо кагаз (жүк ташуучулар үчүн) же жүргүнчү ташууларын тастыктаган документтер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан