Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын ИИМинде Того Республикасынын министри менен жумушчу жолугушуу өттү


Бүгүн, 29-апрелде Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында министр Улан Ниязбеков Того Республикасынын Коопсуздук жана жарандык коргонуу министри Каликст Батосси Мажулба менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Того делегациясынын Кыргыз Республикасына биринчи расмий жогорку деңгээлдеги сапарынын алкагында өттү.

Тараптар укук коргоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоодогу актуалдуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Конокторго ИИМдин ишмердүүлүгү, анын ичинде заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөр - учкучсуз учуучу аппараттар, кызматтык иттер, атайын автоунаалар жана башка жабдуулар тааныштырылды.

Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алууда заманбап технологияларды колдонуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашууларга негиз түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан