Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасыдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев Араб Мамлекеттеринин Лигасынын Анкарадагы Миссиясынын элчиси Абдулхамид Хамза менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган элчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын араб мамлекеттери менен кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну кеңейтүүнүн келечегине көңүл бурушту.
Элчи Руслан Казакбаев араб мамлекеттери менен өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Араб Мамлекеттеринин Лигасы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө, тынчтыкты камсыздоодо жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдө өзгөчө роль ойной турганын белгиледи.
Ошондой эле тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, мындан ары да конструктивдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.