Бүгүн, 29-апрелде коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык коопсуздукту камсыздоо жана аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле тараптар ШКУ мейкиндигинде туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталган көп тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.