Биз социалдык тармакта

Ошто Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнү жаңылоо иштери башталат

Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан көпүрөнү жаңылоо долбоору толугу менен аяктап, курулуш иштери жакынкы күндөрү башталары маалым болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында көпүрөдөгү кыймыл тилкелерин бөлүп турган аймак жашылдандырылып, көрктөндүрүлөт. Бул үчүн атайын көчөттөр Италиядан жана Өзбекстандан буюртма аркылуу алынып келинген.

Буга чейин социалдык тармактарда аталган көчөнү жашылдандыруу жана оңдоп-түзөө иштери токтоп калганын айтып, тургундар нааразычылыгын билдиришкен. Ал эми шаардык мэрия долбоор жаңы гана толук аяктап, бир жуманын ичинде бул аймакта активдүү жумуштар башталарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан