Биз социалдык тармакта

Чүйдө психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоого шектүү жаран кармалды

Чүй облусунда психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-февралда Ак-Жол айылындагы стационардык МАИ постунда психотроптук заттар табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында, бул зат жалпы салмагы 2697 граммды түзүп, синтетикалык каннабиноид MDMB-4en-PINACA экендиги аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган И.Д. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан