Бишкек шаарында №132 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин колдонууга берилди. Иш-чарага шаардын мэри Айбек Жунушалиев катышканын муниципалитеттен билдиришти.
Маалым болгондой, объект 140тан оптималдаштыруу аркылуу 280 орунга чейин көбөйтүлдү. Имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 1100 чарчы метрди түзөт. Ал эми ага тиешелүү жер тилкесинин аянты 0,9 гектар.
"Ички жана тышкы инженердик тармактар толугу менен жаңыртылып, жылуулук, электр менен камсыздоо, суу берүү жана саркынды сууларды чыгаруу системалары алмаштырылды. Имараттын ички жана сырткы жасалгасы толук жаңыланды. Бала бакчанын аймагында заманбап оюн аянтчалары курулуп, сугат системи жаңыртылып, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү",- деп белгиленген маалыматта.
Бул имарат 1971-жылы курулуп, ар кайсы жылдары №26 башталгыч мектеп катары пайдаланылып келген.