Кара-Суу шаарында 86 жаштагы эне Савай каналына түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, улгайган жаран аталган каналга 2 күн мурун, тагыраагы, 28-апрелде түшүп кеткени болжолдонуп жатат. Издөө иштерине 7 суучул, 5 милиция кызматкери, 20 жергиликтүү тургун тартылган. Башкармалык кошумча маалымат берилерин белгиледи.