Биз социалдык тармакта

Жашы да, карысы да вальс бийлеп... Шаар күнү белгиленди

Бишкек шаарынын 148 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында концерт өттү. Анда "Вальс кечеси" уюштурулду. Бул кечеде бийчилер гана эмес, катышууну каалагандардын баары жай бийге бийлешти.

Жалпысынан 1000ге жакын жуп катышты. Иш-чарага шаар тургундары, коноктор күбө болушту.

Мэр Айбек Жунушалиев шаарда көптөгөн жумуштар жасалып жатканын билдирди. Мындан тышкары, кемчиликтер тууралуу дагы сөз кылып, баарын чечүүгө аракет жасарын айтты.

Майрам улуттук эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен аяктады.

Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан