Биз социалдык тармакта

Тогонун өкмөт башчысы Ысык-Көлдө улуттук ат оюндарына күбө болду

Бүгүн, 30-апрелде президент Садыр Жапаров Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбени Ысык-Көлгө алып барды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо кыргыз элинин салттуу ат оюндары жана мелдештери көрсөтүлдү. Ипподромдун кире беришинде конокторду добулбастардын добушу астында жоокерлер жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.
Программанын алкагында “Намыс” (Нарын облусу) жана “Сары-Өзөн” (Чүй облусу) командаларынын катышуусунда көк бөрү боюнча көрсөтмөлүү оюндар болуп өттү. Андан ары “Манас” эпосунда сүрөттөлгөн байыркы салбуурун оюнунун элементтери, анын ичинде алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу, ат үстүндө жаа атуу жана кыз куумай улуттук оюну көрсөтүлдү.
Иш-чара каскадёрлор тобунун жорго салыш, найза менен атчан чабыш жана башка ат жалындагы өнөрлөрүн көрсөтүүсү менен аяктады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан