Биз социалдык тармакта

Бейтаптардын анализдерин туура эмес чыгаргандарды жазага тартуу сунушталууда

Бейтаптардын анализдерин туура эмес чыгарып берген саламаттыкты сактоо уюмдарын жоопкерчиликке тартууну караган мыйзам долбоору сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Азамжан Жалилов иштеп чыккан документ парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Долбоордо медициналык стандарттарды же диагностикалык жабдууларды колдонуунун эрежелерин бузуунун кесепетинен анализдерди туура эмес чыгарып бергени үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу каралган.

Ошондой эле диагнозу коюлган лабораториялык изилдөөлөрдүн ката жыйынтыгын жашырган жеке жактарды 20 миң сом, юридикалык жактарды 65 миң сом айыпка тартуу менен лицензиясын 6 айга токтотуу демилгеленет. Эгер жогорудагы мыйзам бузуулар жыл ичинде кайталанса, жеке жактарга 50 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 200 миң сомго чейин айып пул салынып, лицензия сот тарабынан жокко чыгарылат.

Документте туура эмес анализден улам бейтаптын ден соолугуна зыян келтирилип жатканы белгиленип, ал үчүн саламаттык сактоо уюму жеке менчик же мамлекеттик экенине карабастан материалдык жоопкерчиликке тартылышы керектиги жазылган. Мыйзам долбоору Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар кодексине жана Кыргызстан жарандарынын салматтыгын сактоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан