Өлкөгө тиешелүү коштомо документтери жок товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу 30-апрелде Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктунда автотетиктердин жана электр шаймандардын тиешелүү документтери жок алуучуларга жеткирилгени аныкталды. Эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 1 миллион сомдон ашкан.
Бул факт боюнча тиешелүү процессуалдык материалдар түзүлдү. Эреже бузгандарга айып пул салынып, административдик чаралар көрүлдү.