Медицина кызматкерлерине иш учурунда кол салгандарды жоопкерчиликке тартууну көздөгөн мыйзам долбоору сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Эгембердиева иштеп чыккан документ парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Документте медицина кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, ден соолугуна жеңил залал келтиргендерди же олуттуу эмес материалдык зыянга учураткандарды 2 айдан 1 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пулга жыгуу каралган. Ошондой эле ден соолугуна анча оор эмес же оор залал келтирүү жана ири зыян келтирүү менен коштолгон аракеттер үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салуу же 1 жылдан 3 жылга чейин абакка кесүү жазасын чегерүү сунушталат.
Эгер медицина кызматкеринин ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирсе же мүлкүнө өзгөчө оор зыян келтирсе, анда жаран 3 жылдан 8 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Ал эми медицина кызматкерин мазактоого, сөгүүгө, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүүгө 10 миң сом айып пул салынат.
Долбоордо бейтаптар жана алардын жакындары же үчүнчү жактар тарабынан медицина кызматкеринин ден соолугу жабыркаса, алар камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укуктуу болору жазылат.