
Бүгүн түштөн кийин жана 1-2-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ билдиргендей, бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Ошондой эле 1-майдан 6-майга чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусу жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.