Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлду.
Президенттин администрациясы тараткан маалыматка ылайык, анын функциялары жана штаттык саны президенттин иш башкармалыгына өттү. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматта Ички иштер министрлигин кошпогондо мамлекеттик мекемелердеги санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлардын кызматтары кыскартылары айтылат.