
Нарын облусунун Нарын районунда мыйзамсыз берилген жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу 30-апрелде Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, Миң-Булак айыл аймагындагы Кур-Терек участкасында айыл чарба багытындагы 6 гектар сугат айдоо жери мыйзамсыз берилген.
Аталган чечимдер Жер кодексинин талаптарын жана президенттин жарлыгын бузуу менен кабыл алынган.
Жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.