Биз социалдык тармакта

Ак-Талаада жүгөрү айдоо кайрадан жанданууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу 30-апрелде Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аймакта жалпысынан 15 миң 216,5 гектар айдоо жери бар. Анын ичинен буудайды 2 миң 208 гектар, арпаны 3 миң 25 гектар, сулуну 8 гектар, сафлорду 129 гектар, жүгөрүнү 7 гектар, картошканы 198 гектар, жашылчаны 70 гектар, көп жылдык чөптү 10 миң 317 гектар аянтка айдоо пландалууда.

Эске салсак, бул районда дээрлик 30 жылдан бери жүгөрү айдалбай калган. Акыркы 2 жыл ичинде жүгөрү айдоо кайрадан жанданууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан