Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз курал жүгүртүүгө каршы эл аралык семинар өттү

Бишкек шаарында Интерполдун iARMS Phase V долбоорунун алкагында ок атуучу куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы багытталган семинар-тренинг уюштурулду. Иш-чарага Интерполдун өкүлдөрү жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч күнгө созулган тренингдин негизги максаты - мыйзамсыз курал жүгүртүүгө байланышкан кылмыштарды иликтөөдө адистердин мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана мыйзамсыз агымдарды аныктоо, көзөмөлдөө боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү болду.

Семинардын алкагында катышуучулар кылмыштарды иликтөөнүн заманбап ыкмаларын, куралдарды аныктоо жолдорун жана iARMS маалыматтык системин колдонуу боюнча практикалык билим алышты.

Мындай эл аралык иш-чаралар укук коргоо органдарынын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, кызматташтыкты чыңдоого жана өлкөдө коопсуздукту камсыздоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан