Биз социалдык тармакта

Бишкекке ШКУ жыйынына катышуу үчүн Кытай өкүлдөрү келишти

Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарына Кытайдын Дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Ли Цзин жана сырткы спорт түрлөрү боюнча бөлүм башчысы Шень Цзе келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт тармагына жооптуу министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилеринин жыйынына катышат.

Өкүлдөрдү "Манас" эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Жаштар курама командаларын даярдоо борборунун директору Канат Усупбеков тосуп алды.

Белгилей кетсек, аталган жыйын 1-май күнү Чолпон-Ата шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан