Биз социалдык тармакта

Талас: Ак-Жар айылында жаңы мектеп корпусу пайдаланууга берилет

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу кошумча окуу корпусу курулуп бүтүп, жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматкк ылайык, курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Долбоордун жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт.

Жаңы эки кабаттуу имараттын аянты 1282 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, химия жана биология лабораториялары, китепкана, ашкана, эмгек класстары жана жыйындар залы каралган. Учурда ички жабдууларды жана эмеректерди жайгаштыруу иштери жүрүүдө.

Долбоор аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан