Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылындагы Болотмамбетов көчөсүндө жайгашкан “Биз” аталышындагы интернет-клубу күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, 14 компьютер, 2 принтер, эмерек, айнектер жана эшиктер күйүп кетти. Электр зымдарды улаганда эрежелер сакталбагандыктан өрт чыкканы аныкталды.