Биз социалдык тармакта

VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды

Бүгүн, 30-апрелде Кытайдын Санья шаарында өткөн VI Азия пляждык оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу жабылуу аземи жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө башталып, көркөм концерттик шоу-программа жана оюндардын желегин кийинки уюштуруучу өлкөгө өткөрүп берүү аземи менен коштолду.

Кийинки Азия пляждык оюндары Филиппин өлкөсүндө өтөрү белгилүү болду.

Белгилей кетсек, быйылкы мелдештерге 45 өлкөдөн келген спортчулар катышып, спорттун 14 түрү боюнча таймаштар өттү. Кыргызстандын атынан 40 спортчу 9 спорт түрүндө күч сынашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан