Биз социалдык тармакта

ШКУ өлкөлөрүнүн спорт боюнча эксперттери Ысык-Көлдө чогулду 

Бүгүн, 30-апрелде Ысык-Көл облусу аймагында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт боюнча эксперттеринин кеңешмеси өтүүдө.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурсултан Курманалы уулу жетектеп жатат. Кеңешменин алкагында бир катар маанилүү маселелер каралууда:

— ШКУ өлкөлөрүнүн спорттук интеграциясы жана спорт кадрларын биргелешип даярдоо боюнча программалардын долбоорлору;
— Дене тарбия жана спорт боюнча жумушчу топтун жобосун бекитүү;
— «ШКУнун ачык кубогу» эл аралык мелдештеринин регламенти;
— 2026–2027-жылдарга карата бирдиктүү спорттук календарлык план;
— ШКУ өлкөлөрүнүн марафон уюштуруучуларынын ассоциациясын түзүү;
— Иран демилгелеген бешинчи кеңешменин протоколдук декларациясы.

Маалымат катары, ШКУга мүчө мамлекеттердин спорт тармагына жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин жыйыны 1-май күнү Чолпон-Ата шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан