Ош шаарындагы ири сейил бактардын бири - А. Навои паркы реконструкциядан кийин кайрадан калаа тургундары үчүн ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңыланган парк толук иретке келтирилип, тротуарлары жаңыланып, таман таштар төшөлдү. Отургучтар көбөйтүлүп, веложол курулду. Ошондой эле аттракциондор жаңыланып, заманбап оюн-зоок аянтчалары жана эс алуу үчүн шарттар түзүлдү.
Белгилей кетсек, мэриянын демилгеси менен Ош шаарында жалпы 13 жаңы сквер жана эс алуу жайларын куруу пландалууда. Айрым объектилерде учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.