Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу мамлекеттик органдар өлкө аймагында курулуп жаткан унаа жолдорунун сапатына күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүлөрдүн алкагында курулуш иштеринин технологиялык талаптарга жана бекитилген стандарттарга шайкештиги көзөмөлдөнүүдө. Көчмө лабораториялар аркылуу төшөлгөн асфальттан атайын керн үлгүлөрү алынып, лабораториялык анализге жөнөтүлүп жатат. Аныкталган кемчиликтер боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.
Бишкек шаарында Жеңиш проспектиси, Дэн Сяопин проспектиси жана Калинин көчөсүндөгү жол куруу иштерине көзөмөл жүргүзүлдү.
Ош шаарында Н.Исанов, Демократ, Жумабаев, Х.Абдуллаев көчөлөрү, ошондой эле бир катар кесилиштер текшерилди.
Ош облусу аймагында Салам-Алик айыл аймагындагы жана Папан суу сактагычынын жанындагы жолдор каралууда.
Жалал-Абад облусу боюнча бир нече айылдарда жана райондордо ички жолдор көзөмөлдөнүүдө.
Ысык-Көл облусунда Семеновка–Ак-Суу жана Григорьевка–Көл-Кашка-Суу жолдорунда иштер текшерилүүдө.
Чүй облусунда Бишкек–Күн-Туу–Шопоков–Жаңы Пахта жана башка негизги жолдор реконструкциядан өтүүдө.
Нарын облусунда Соң-Көл–Төлөк жана башка бир катар жол тилкелери текшерилип жатат.
Баткен облусунда шаардык жана айланма жолдордо капиталдык оңдоо иштери көзөмөлдө.
Талас облусунда 12 объектте реконструкция жана оңдоо иштеринин сапаты текшерилүүдө.
Учурда жол курулуш объекттериндеги иштер тиешелүү мекемелер тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынып, сапатты камсыз кылуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө.