Биз социалдык тармакта

Манас шаарын сел каптады

Жалал-Абаддын Манас шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 30-апрелде саат 22:40 чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел түшүп, Манас шаарындагы 4 социалдык объектке жана 39 турак жайга зыян келтирилген. Анын ичинен 16 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 23 турак жайдын короолоруна суу толгон.
ӨКМ учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын белгиледи. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 69 куткаруучу тартылып, суу сордуруучу мотопомпалар менен иш алып барууда. Ошондой эле шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 125 кызматкер, 15 техника жана жергиликтүү тургундардан 35 жаран жардам көрсөтүүдө.
Манас шаарын сел каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан