
Жыл башынан бери өлкө боюнча жалпы 110,2 чакырым жолго асфальт басылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Транспорт министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, былтыр ушул мезгилде 40 чакырым жол асфальтталган. Демек, быйыл былтыркы жылга салыштырганда 2,5 эсеге көп иштер аткарылган.