Ош облусунда жалпы 9 аймакта 30-апрелден 1-майга караган түнү катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, Өзгөн районунун Жазы, Төрт-Көл, Мырза-Аке айыл өкмөттөрүндө, Кара-Суу районунун Манас айыл өкмөтүндө сел жүргөн. Ошондой эле Ош - Гүлчө - Сары-Таш унаа жолунда, Ноокат - Папан, Ынтымак - Кызыл-Суу унаа жолдорундагы сел каптаган. Жабыркагандар болгон эмес. Учурда жолдор ачылып, тиешелүү ишштер аткарылууда.