Биз социалдык тармакта

Министр селден жабыркаган Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барды (видео)

Кечээ, 30-апрелде өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сел кырсыгы катталган Оштун Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барды. Бул тууралуу министрликтин облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, министр тиешелүү кызматтар менен жолугуп, жеринде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан.
Чыныбаев сел кирген турак үйлөрдү кыдырып, тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерген. Жергиликтүү тургундар менен жолугуп, мамлекет тарабынан жардам мындан ары да көрсөтүлөрүн убадалаган.
Ошондой эле министр селдин келип чыгуу себептерин карап чыгып, селден коргоочу тосмолорду кыска мөөнөттө калыбына келтирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берген. Мындан сырткары сел суулары кирген социалдык объекттер көзөмөлгө алынып, алардын абалы жеринде каралган.
Министр селден жабыркаган Алай жана Кара-Кулжа райондоруна барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан