Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы тергөө абагында 3 айлык ымыркайы менен отурган 24 жаштагы келинге шарт түзүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр декабрда кош бойлуу кезинде жактоочусу аркылуу ден соолугуна тынчсызданып кайрылган. Ошол учурда ал Балыкчыдагы убактылуу кармоочу жайда болгон.
Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен ал Караколдогу төрөт үйүнө которулган. Ал төрөгөндөн кийин ымыркайы менен тергөө абагына которулуп, жалпы камерага киргизилген. Акыйкатчынын кайра кайрылуусунан кийин, аял ымыркайы менен өзүнчө камерага которулуп, суу жылыткыч орнотулуп, балага манеж коюлган.
Маалыматта келинге жана жактоочусуна анын бөгөт чарасын эркинен ажыратууга байланышпаган чарага алмаштыруу өтүнүчү менен сотко кайрылуу сунушталганы айтылат.