Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы тергөө абагында кармалып турган 3 чет элдиктин даттануулары кароого алынды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалымдалгандай, өзбекстандык тергөөчүнүн аракеттерине даттанса, Молдованын жараны мамлекеттик жактоочунун иш-аракетине арызданган. Ал эми Орусиянын жараны экстрадиция маселеси боюнча жана жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыгууга көмөк сурап кайрылган.