Ысык-Көл облусундагы атайын
жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө баңгизатын сатуучулар кармалды. Бул тууралуу
аймактык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 25-январда
милицияга Эрлан аттуу жигиттин маңзат сатууга аракеттенип жатканы боюнча
маалымат түшкөн. Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз баңгизатын ташууга каршы
бөлүмүнүн кызматкерлери сатып алуучу катары кафелердин бирине жолугушууну
белгилешкен. Натыйжада Ак-Суу районунун 17 жаштагы тургуну 110 грамм гашиш
менен кармалган.
Мындан сырткары 26-январь күнү жогорудагы райондун 50 жаштагы жашоочусунун үйүндө 2 килограмм гашиш
табылган. Ошондой эле мыйзамсыз сактаган куралын да алышкан.
Аталган фактылар
боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.