Оштун Гүлчө шаарында катталган сел кырсыгынын кесепеттерин жоюуда сатылып алынган 3 чакан жүктөгүч натыйжалуу колдонулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жаңы техниканын жардамы менен тар көчөлөрдө жана турак жайлардын короолорунда топтолгон сел калдыктары тазаланып, иштердин ылдамдыгы кыйла жогорулаган. Куткаруучулардын иши жеңилдеп, тазалоо иштери мурдагыга салыштырмалуу тез жана натыйжалуу жүргүзүлгөн.