
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр 13-августта Lalafo тиркемеси аркылуу жабырлануучунун ишеничине кирип, ижарага 30 миң сомдук Canon үлгүсүндөгү фотоаппаратын алып кеткен. Бирок шектүү аталган мүлктү кайтарып бербей изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө анын дагы 2 ушундай эле кылмыш ишине катыштыгы бар экени аныкталган.