"Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунун этабында байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн турнирге 12 өлкөдөн 64 спортчу катышып, 8 классификациялык категория боюнча күч сынашышкан. Кыргызстандыктар көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн каралган PTVI категориясында өлкө намысын татыктуу коргошкон.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжалар көрсөтүлдү:
- Жузбаева Гульназ — 4-орун.
- Камчибеков Дастан — 6-орун.
- Абдувалиев Жалалдин — 8-орун.
- Токтомбаев Азат — 9-орун.