Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элмурза Сатыбалдиев тамеки чеккени үчүн 3000 сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-майда экс-депутатка Өзгөн шаарындагы борбордук стадиондо өткөн иш-чарада чылым чеккени үчүн протокол түзүлгөн.